“Манас” аэропортунда ары же бери кете албай калган Алексей Поповду Кыргызстанга киргизишти.

Бул маалыматты тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиргендей, кечээ 4-августта тез арада Поповдун тууганына чакыруу жасатылды. Анын негизинде Попов кирүү визасына ээ болду.

Ал 31-июлда Кыргызстанга ата-энеси менен жолугуу үчүн келген. Текшере келгенде Алексей эки өлкөнүн (Орусия жана КР) тең жараны эмес болуп чыккан. Анын Орусияда жашап турууга уруксат кагазы гана болгон.

Жүргүнчүнү ОФдин чек ара кызматы чыгарып жибергени менен визасы жок Кыргызстан киргизе албайт. Ошентип ал эч жерге чыга албай калган.