Американын бийлик башындагылар коомдук ишмер Фетхуллах Гүленди экстрадициялоого шашылган жок.

Анткени, аны Түркияга өткөрүп берүүгө негиздүү себептер менен далилдер жетишсиз.

Гүленди экстрадициялоонун ар кандай сценарийлерин түзүп жатышканы менен расмий Анкара американы көндүрө албай убара. Бир тарабынан түрк өлкөсүнүн коомдук ишмерди өткөрүп алгандан кийинки аракеттери күмөн жаратат. Анын адилеттүү түрдө жаза алары белгисиз бойдон калууда.

Экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөр бир нече айга созулушу мүмкүн. Ал эми бул план Гүлендин төңкөрүшкө тиешеси бар дегенге жүйөлүү далилдери болгондон кийин гана ишке ашышы мүмкүн.

Гүлен жана анын тарапташтары 16-июлга караган түндөгү аскерий төңкөрүшкө күнөөлөнүүдө. Төңкөрүш 246 адамдын өмүрүн алып кеткен. Ал эми коомдук ишмер өзү тиешеси жок экенин айтып келет.

Стамбулдун соту болсо бүгүн калабаны оппозиционер Гүлен жасады деп аны камоого ордер берди.