7 жылдыздуу отель КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу курулуп, казино иштетүү багытына ылайыкталып салынды.
«Biltmore Hotel Tbilisi» конок үйүнүн инвестициясы 100 млн долларга жеткен. Имарат бириккен Арабдар Эмиратына тиешелүү “Даби Групп” компаниясына таандык. Анын ачылыш аземине 2 млн доллар жумшалганы айтылат.
Мейманкана сырткы көрүнүшү менен Дубайдагы көк тиреген «Бурдж-Халифа» имаратын элестетет. Ал мурунку марксизм-ленинизм институтунун ордун ээлеп, курулуш материалдары Европадан алынып келинген.
Ал Калифорниядагы Millenium Biltmore отелинин экинчи түйүнү болуп эсептелинет. Мындан ары мейманкана казино иштетүү боюнча эл аралык топко өткөрүлүп берилет.