Бүгүн республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 5-августта ӨКМдин телефонограммасы чыккан.
Тийиштүү жарандык коргонуу кызматтарына, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүү жөнөтүлдү.






























