Бул чечим ар кандай кырсыктарды болтурбоо максатында кабыл алынды.

Пилотсуз абада учуучу аппараттарды (дрондорду) ачылуу жана жабылуу аземинде ошондой эле 28-августтан тартып 2-сентябрга чейинки оюндар өтө турган бардык объектилерде даярдануу учурунда колдонууга да тыюу салынат.

Уруксатсыз тартуу иштери жүргүзүлгөн учурда пилотсуз учуучу аппараттар кулатылат.

ММК өкүлдөрү 4-7-сентябрда Кырчын капчыгайында, ипподромдо жана дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде өтө турган спорттук жана маданий иш-чараларды дронду колдонуу менен тартууга мүмкүнчүлүк алышат. Бирок катчылык менен макулдашкандан кийин гана.