Дүйнө жүзү боюнча күнүнө 1,25 млн киши жол кырсыгынан каза болот.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн 90%ы унаалар коопсуздук стандарттарына жооп бербейт. Андай унаалар көбүнчө өнүккөн эмес өлкөлөрдө болот.

Кырсыктарга көбүнчө жөө жүргүнчүлөр, велосипед тепкендер менен мотоцикл айдагандар кабылат. 15-29 жашка чейинкилер көп каза табат. Жылына 20 дан 50 миңге чейин адам жаракат алып, мунжу болот. Эгерде эч кандай чаралар көрүлбөсө жол кырсыктарынын саны өсүп отуруп, 2030-жылдары өлүм алып келүүчүлүгү боюнча 7-орунга чыгат.

Ал эми Кыргызстан жол кырсыктары көп катталган өлкөлөрдүн тизмесинде турат. Бишкек шаарында, Ош-Бишкек, Бишкек-Торугарт каттамдарында кырсыктар көп болот.

Быйылкы жылдын жарымында Кыргызстанда 2466 жол кырсыгы катталып, 397 адам каза болуп, 2466сы жаракат алган.

ИИМдин жол кайгуул кызматынын берген маалыматында кырсыктар айдоочулардын белгиленген ылдамдыктан ашыра айдашы, ыкмага салынган (маневрирование) эрежелерди сактабоосу, каршы жолго чыгып кетүү, жол белгилерине маани бербөөсү, мас абалында унаа башкаруу жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүүдөгү жол эрежесин сактабоосу кырсыктарга алып келет.

Өспүрүмдөр жана балдардын кырсыкка кабылуусуна чоңдор күнөлүү. Себеби, алар көп учурда кароосуз калат. Ошондой эле чоңдор жол эрежесин бузуу менен тескери тарбия беришет. Жети ай ичинде балдардын катышуусу менен 905 жол кырсыгы катталса, каза болгондордун саны 80ге, жаракат алгандардын саны 1015 болгонун аталган кызмат билдирет.

Балдар катышкан жол кырсыктары 25,4%га, алардын өлүмү 63,4%га жана жарадар болгондорунуку 22%га көбөйгөн.

Быйылкы жылы жол кыймылы боюнча тартип бузуулардын саны  391193 болгон. Мас абалда автоунааны башкарып 6373, тез ылдамдыкты  ашыруу фактысы 29564, жол белгилерин, сызыктан чыгуу, кууп өтүү боюнча 49803, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин бузуу менен 208, авариялык  кырдалды түзүү фактысы менен 72 учур катталган.

ИИМдин жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов, негизинен жол кырсыктары жөө жүргүнчү жана айдоочу тарабынан келип чыгат деп эсептейт.

“Көп учурда жөө өтүүчү (пешеход) туура эмес өтөт, же айдоочу өткөрбөй коёт” – дейт ал.

 Анын айтымында, азыр айдоо күбөлүгүн сатып алгандар жокко эсе.

“Бирок, алар авто мектепте окуп жатканда окууга жакшылап көңүл бурушпайт. Баарына көңүл коюп окубаса өзүнүн эле эмес башкалардын өмүрүнө жана ден соолугуна жооптуу болуп калат”, – дейт Оторов.