Бул иш сапар Түркия Орусия учагын атып түшүргөндөн кийинки биринчи жолку жолугушуу болот. 

Бүгүн Режеп Тайип Эрдоган менен Владимир Путин Санкт-Петербург шаарында жолугушат. Анда өндүрүш, айыл чарба, байланыш, деңизчилик, маданият жана туризм тармагы боюнча сүйлөшүүлөр болору айтылууда.

Учак окуясынан кийинки мамилелер 27-июнда жазылган Путиндин билдирүүсүнөн кийин калыбына келген.