Мальдивада жаратылыш, туризм жана спортко арналган туристтик тасмалардын эл аралык фестивалы өттү.
Үч күн катары менен дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген кыска метраждуу тасмалар менен видео роликтер көрсөтүлгөн.
Австрия, Грекия, Дания, Испания, Польша, Португалия, Сербия, Хорватия өлкөлөрү, Кыргызстан жана башка мамлекеттер жеңишке жеткен. Негизги байгени Түркиядан келген Даган Селаярдын “Көгүлтүр үйү” ролиги алган.
Кийинки кинофестиваль келерки жылдын ноябрь айында болорун жана мындан ары жыл сайын өткөрүлө турганын Орусия басылмалары жазышкан.