Ташкент шаарында өткөн финалдык оюн Өзбекстандын эсебине 1:0 менен аяктады.
Турнир 19 жашка чейинки футболчулардын арасында болду.
Активдүү башталган оюнда эки команданын тең гол киргизүүгө мүмкүнчүлүгү болгон.
Бирок 28-минутада Өзбекстан курамасынын оюнчусу Исломбек Кобиров дарбазага топ киргизип эсепти ачты.
Экинчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө оюн кызуу жүрдү. Бирок кыргызстандык спортчулар эсепти теңдей албай 1:0 эсебинде жеңилип калышты. CAFA кубогу Ташкентте калды.