Кечээ күнү кыргыз-орус өкмөттөрү Жогорку Нарын ГЭС каскады менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо келишимин токтотту.

Азыркы тапта келишимдер күчүндө турган убактагы чарба маселелери боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

КР Орусия тараптын чыгымдарын эсептеп чыгууга тез арада эл аралык көз карандысыз аудит жүргүзүүнү туура деп эсептейт. Ошондон кийин гана өлкө компенсация төлөп берүүгө өтөт.

2012-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде аталган ГЭСтер курулмак. Бирок, куруу иштери ыксыз создуктурулгандан кийин эки тарап келишимди денонсациялоону чечкен.

Учурда башка инветорлорду тартуу иштери жүргүзүлүп жатканын улуттук энергохолдинг ишканасы билдирет.