Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков көчмөндөр оюндарына катыша турган көкбөрүчүлөрдүн курама командасын кабыл алды.

Турсунбеков кыргыз эли ат жалында ойногон чапчаң жигиттерге – көкбөрүчүлөргө сый урмат менен мамиле кылып келишкенин, анткени алар улуттук оюндарды улап, кийинки муундарга эле калтырбастан, эли-жерин сырткы душмандардан дагы коргоп келгендигин баса белгиледи.

Ошону менен катар спикер кыргыз эли көкбөрү оюну менен адамзат маданиятына салым кошконун көрсөтүп келе жатканын айтып, көкбөрүчүлөргө кыргыз парламенти дагы колдоо көрсөтөөрүн, көчмөндөр оюндарында баш байгени колдон чыгарбайт деп бекем ишеним артарын билдирди.

“Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев курама команда Кыргызстандын көкбөрү боюнча “мен-мен” деген беш командасынан эр-азаматтар тандалып топтолгонун, алар бир айдан бери машыгууларды жүргүзүп келе жатканын маалымдады.

Турсунбеков башка жумуштарын, үй-тиричилигин мындай коюп, Кыргызстандын намысын коргой турган, көз кубанткан балбан жигиттерге ак жол каалап, бата тиледи. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондусунан көкбөрү оюнунун өнүгүшүнө 300 миң сом каражат бөлүнөрүн белгиледи.