Режеп Тайип Эрдоган эртеби-кечпи Америка же Анкараны же оппозиционер Фетхуллах Гүленди тандашы керек болорун айтты.

“Акыры экөөнүн бирөөсүн тандашы керек. Же Түркия, же гүленчилер. Башкача айтканда террордук төңкөрүшүнтү даярдап жаткан гүленчилерди же демократиялык Түркияны тандоого туура келет”. – деди президент.

16-июлга караган түнү болгон аскерий төңкөрүш аракетине Түркия бийлиги коомдук ишмер Фетхуллах Гүлен жана анын тарапташтарын күнөөлөөдө. Буга чейин бийлик камоого ордер берип, АКШдан аны экстрадициялоону өтүнгөн. Ал эми Америка өз кезегинде жүйөөлү далилдери жок кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууга шашпастыгын билдирген болчу.