Президент Алмазбек Атамбаев  бүгүн билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы жогорку окуу жайларына кабыл алуунун жыйынтыктары жана жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы тууралуу маалымат алды.

Эльвира Сариева бюджеттик орундарды финансылоо белгиленген нарк боюнча жүргүзүлөрү, ал республикалык бюджеттен каржыланаарын айтып берди. Министрдин сөзү боюнча,  бул “акча студентти ээрчийт” принцибин колдонууга мүмкүндүк берет жана мамлекеттик жогорку окуу жайларды каржылоонун адилеттүү системасын түзөт.

Мектептериндеги кайра курууларга байланыштуу Сариева кесиптик багыт берүүчү теориялык кыска мөөнөттүү программаларга кошумча мектептерде кесиптик билим берүү күчөтүлүп жатканын белгиледи.