Сооронбай Жээнбековдун чыгарган буйругуна ылайык, Ооганстандагы чоң жана кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга дары-дармек жана азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлөт.

Бул боюнча вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиева  уюштуруу жана жиберүү суроолорун козгоп жыйын өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Миграция кызматы Пяндж суусунун өлчөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу, унаа менен дарыяны өтүп, жүктү жеткирүү мүмкүн эмес экенин айткан.

Суунун деңгээли ушул жылдын сентябрь айында ылдыйлайт. Ошого байланыштуу Памир экспедициясы сентябрдын аягына жылдырылды.

Экспедиция курамына 22 адам кирет, арасында медициналык текшерүүнү жүргүзө турган дарыгерлер да бар.

Азыркы учурда Чоң жана Кичи Памирде 1500 этникалык кыргыздар жашайт.