Быйылкы жылдын 1-августуна карата расмий каттоодо турган жумушсуздардын саны 56 миң 972 адам болгон. Мурунку айга салыштырмалуу 1,4%га кыскарган.

Жумушсуздардын 53%ын аялдар түзөт. Жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калкка карата 2,2%ды түздү.

Ошондой эле быйылкы жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 13947 сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 12,3%га өстү. Ал эми керектөө бааларынын индексин эсепке алып чыгарганда реалдуу өлчөмү 11,4 пайызга көбөйдү.

Улуттук банк аныктаган валютанын расмий курсу менен алганда орточо айлык эмгек акысы 195,6 АКШ долларын түзгөнүн улуттук статистикалык комитети билдирди.