Июль айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 298 млн кВт саат электр энергиясы келип түштү.
Компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 363 млн сомду түзүп, анын 370,7 млн сому же 101,8 % чогултулган.
Июль айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында – 106,7 % өндүрүштүк объектилерден- 105,7 % бюджеттик уюмдардан – 118,7 % башка керектөөчүлөрдөн – 92,7 % жана айыл чарба объектилеринен – 71,4 % аткарылды.
Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:
Бишкекте төлөм чогултуу 189 млн.сомду же 97,2 %
Чүй облусунда -161,7 млн.сомду же 105,5 %
Талас облусунда – 19,8 млн.сомду же 123,1 % түздү.
Июль айынын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 9,79 % түздү.