Мамлекеттик салык кызматы август айынын биринчи жумасында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүүдө мыйзам бузган 5 фактыны аныктады.

Ысык-Ата районундагы “Ак-Тилек” өткөрмө пунктунан жүк ташуучу унаанын айдоочулары С. Свиридов жана А. Марасулов унаа салыгын төлөшпөстөн, ошондой эле, унаа каражаты менен эл аралык жүк ташууга ыктыярдуу патенттери жок жүк ташуучу унааны башкарып келе жатышкан.

Аламүдүн районундагы “Ак-Жол” өткөрмө пунктунан жүк ташуучу унаанын айдоочулары А. Бейшенкуловдо жана К. Мусаевде да жүк ташуу кызматына ыктыярдуу патенттеринин жок болгон фактылары аныкталган.

Манас районунун “Чоң-Капка” контролдук-өткөрмө пункту аркылуу А. Шайназаров аттуу жаран унаа салыгын төлөбөстөн эл керектөөчү товарларды ташып өткөн.

Салык кызматынан билдиргендей, бул фактылар ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды ташып өтүүдө товарларды мыйзамсыз ташып кирүү/ташып чыгуу, мамлекеттик контролдон өтүү жөнүндөгү талонду толтурууда талаптарды бузуу фактыларын аныктоо жана тыюу боюнча рейддик салык контролдун жүрүшүндө аныкталган.