ССРБ тарагандан кийинки төрөлгөн муун же болбосо жаңы технологиялар мууну. Бүгүн 12-август эл аралык жаштар күнүнө карата азыркы жаштар тууралуу 8 фактыны сунуштайбыз.

1Жаштардын жаңы салттары

Азыркы жаштардын өзүнүн карманган каада-салттары бар. Мисалы, маршруткадагы арткы 4 орундук бир гана 30 жашка чейинкилер үчүн. VIP орундардан улуулар унаага түшсө да турбай койгонго болот.

Жашоодогу болгон жакшылык же жамандыкты соцтармактарда бөлүшүп же жүктөбөй коюу бул туура эмес. Эгер Ысык-Көлгө же башка жака барып эс алып сүрөткө түшүп келбесең болбойт.

Сен орусчадан нөл болушуң мүмкүн, бирок ар бир сүрөтүңдүн алдына орус тилинде пост жазып, комментарий жазууга милдеттүүсүң. Бул шаардыктардан келген салт.

2Элдин балдары

Балким ата-энелер «Баланчанын уулун карачы же түкүнчөнүн кызына суктанам» деп кулакка куя бергенгеби, айтор жаштар ошол «элдин балдарына» теңелебиз деп эмнени гана кылбайт. Бирок, ар бир жасаган иши жана аракети өзү үчүн эмес, эл көрсүн деп кылат.

3Эки карма-каршы көз караш

Негедир жаштарда азыр 2 карама-каршы көз караш бар. Экөө тең жаштар арасында жакшы өнүгүүдө. Эки фронттун тарапташтары бири-бири менен урушкан учур да көп кездешет. Дин тарапташтары жана демократияга умтулгандар.

Салтты кармангандар жана саркеч батышты туурагандар, дагы толтура мисалды келтирсе болот.

4Өзүнүн өзгөчөлүгүн жоготкон

Негедир ар бир улан-кыз баарынан башкача болгусу келет. Өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүүдөн коркот. Ошондуктан Европа, Араб мамлекеттеринин жаштарын туурайт.

5Амбициясы күчтүү бирок жалкоо

Азыркы жаштар кыялданганга жараша деп алдыга өтө чоң максаттарды коёт. Амбициясы күчтүү бирок жалкоо. Негедир үйдө отуруп алып эле акча таап, байыгысы келет.

6Жашоого таарынгандар

Ар бир жаштар отурган кыргыз соцтармактагы топторду карап көрсөң, жашоосуна наалыган эле адамдарды көрөсүң. Алар туруп аракет кылууну унутуп калгандай. Өмүрүнүн мыкты көз-ирмемдерин өнүкпөй жаткан Кыргызстанга, коррупциялашкан билим, сот системасына, жада калса өз ата-энесине таарынып, наалат айтып отуруп эле өткөрүп ийишет.

7Күнөөнү башкага койгондор

Баарын күнөөлөйт, бирок эч ким өзүнүн күнөөсүн сезбейт. «Окуу жайлар коррупцияга малынган, анткени мугалимдер акча алат». «Кыздар күйөөгө тийбей жатат, анкени жакшы балдар жок». «Көлгө барбай калдым, себеби өкмөт жолду бүтө элек».

8Патриоттор

Мекенге болгон сүйүү бир гана соцтармакта жазылган посттор менен чектелет деп ойлогондор бар. Бирок акыркы учурларда жаштар патриот экени байкала баштады.