Тышкы иштер министрлиги жана Малайзиядагы КРдин элчилигинин маалыматына ылайык Таиланддагы жардырууларда тилекке жараша кыргыз жарандары жок болуп чыкты.
Таиланддын укук коргоо органдары Австрия, Англия, Голландия, Германия жана Италиянын жарандары болгонун тастыктады.
Буга чейин Таиланддын туристтик борборлорунда бир нече жардыруу болгону маалым болгон. Хуа Хин курортундагы жардыруу бир нече сааттан кийин кайрадан кайталанып, Сурат Тхани курортунда жана Пхукет аралында да жардыруулар болгону катталган.
Азыркы тапта КРдин элчилиги окуяларды көзөмөлдөп жатканын ТИМ билдирет.