Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө арналган чоң футбол Кыргызстан-Казакстан ортосунда 30-август күнү  Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

Билет баасы 200-500 сомго чейин.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Билеттерди стадиондун кассасында жана сатуучулардан алса болот.

Акыркы жолу жолдоштук оюн эки өлкө ортосунда 2014-жылы 5-сентябрда Астанада болгон.

Бул беттеште талаа ээлери 7:1 эсебинде жеңген. Жалгыз голду Кыргызстандын курамасынан Кайрат Жыргалбек уулу киргизген.