Франция президенти Николя Саркозинин айтымында жабык кийим аялдардын кадырын түшүрөт.
Бул маалыматты РИА Новости жазып чыкты.
Мусулмандардын сууга кийип түшүүчү кийимин француздар «буркини» деп атап коюшкан.
Мындай тыюу салуу былтыр күздөн бери Франциянын бир нече жеринде исламчыл террористтер уюштурган, жүздөгөн жай тургундун өмүрүн алган террордук актыларга байланыштуу киргизилди.
Кум жээке чоң баштык алып келүүгө жана коомдук жайларда бетин чүмкөп жүрүүгө да тыюу салынат.