Көчмөндөр оюндарынын кирүү акысы аныкталды. Алар 300 сомдон баштап 3800 сомго чейин болот.

Билеттер ачылыш жана жабылыш салтанаттарына гана сатылат.

Бул маалыматты бүгүн аталган катчылыктан жетекчиси Нурдин Султамбаев saat.kgге маалымдады.

«Билеттердин сатуу түйүндөрү жана чет өлкөлөрдөн туруп эле сатып алуу үчүн атайын мобилдик колдонмо туралуу маалыматтар бүгүн белгилүү болот. Жалпы 10 000 билет даярдалган»,- дейт Н.Султамбаев.

Оюндарга 67 мамлекетке чакыруу жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күнү катышуусун отуз бештен ашык мамлекет тастыктады. Андан тышкары онго жакын мамлекет маданий иш-чараларга катышат. Бул жолу спорттун 23 түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.