Окуя Нью-Йорк шаарынын Кеннеди аэропортунда саат 21:30да болгон.

ММКлардын маалыматы боюнча, белгисиз киши сегизинчи терминалдын аба портуна ок аткан. Милиция аткандарды издөө ишин жүргүзүүдө. Жабыр тарткан жана каза болгондор боюнча маалымат азырынча түшө элек.

Маалымат каражаттарына Кеннедиге коно турчу учактар башка аба портуна багытталды деген кабар келген.  Нью-Йоркттун транспорт башкармалыгы бул маалыматты төгүндөгөнүн Риа новости жазды.

Автор: Нуркыз Маматова