Фестиваль 4-7- сентябрда “Хан-Ордо” этношаарчанын борбордук аянтчасында уюштурулмакчы.

Көчмөндөр оюдарынын катчылыгынан билдиргендей, ал жакта көркөмдүү фольклордук фестиваль өткөрүлөт.

“Көчмөндөр ааламы” фестивалынын программасы өтө жыш жана ар тараптуу болмокчу. Этнофольклордук, музыкалдык жана бий коллективдеринин, жеке аткаруучулардын, төкмө акындардын, манасчылардын сахнадагы өнөрүн, Кытайдын маданият кербенинин келишин, улуттук кийимдердин көргөзмөсүн көрүүгө болот.

Этношаарчанын коноктору үчүн Т. Сатылганов атындагы филармониядан келген артисттердин концертин жана Бишкек, Ош шаарларынан, бардык облустардан келген маданий делегациялардын театралдаштырган сахнасы коюлат. Ушул эле күндөрү “Кыргыз айылынын” аянтчаларында программалардын ар кандай түрлөрү боюнча сынактар өткөрүлөт. Алардын арасында төкмө акындардын, манасчылардын, элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн усталарынын да мелдештери бар. Конокторду улуттук кийимдердин жана улуттук ашкананын конкурстук көргөзмөсү жыргалга бөлөмөкчү.