Өзбекстанда коопсуздук кеңештеринин катчыларынын деңгээлинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити өтүүдө. Анда Борбор Азиядагы жалпы абал, чек ара көйгөйлөрү, терроризмдин коркунучтары, диний экстремизмдин күч алышы, радикалдуу идеялардын алдын алуу, маңзат соодасы  жана башка маселелер талкууланат. 

«Азырынча так белгисиз, бирок бул кеңири масштабдагы жыйында чек ара маселелери каралышы күтүлүүдө. Анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чыңалып кеткен соңку чек ара боюнча маселе да көтөрүлүшү мүмкүн» — деп Кыргызстандын коргоо кеңешинен билдиришти.

Жыйынга Кыргызстандан коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров катышууда.

Уюмга быйыл Өзбекстан төрагалык кылат. Коопсуздук жыйыны 13-14-апрель күндөргө белгиленген.

18-мартта такталбаган, бирок Кыргызстан пайдаланып келген Аксы районундагы Сары-Булак жер тилкесинде жайгашкан Кербен-Ала-Бука унаа жолуна Өзбекстан аскерлерин жайгаштырган. Арадан көп өтпөй, Уңгар-Тоо боюнча талаш чыкып, абал чыңалып кеткен. Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Ташкенттеги мамлекет башчыларынын алкагында өтө турган ШКУнун саммитине барбай турганын  билдирген.

Сүрөт: russia.ru. Уюмга мүчө өлкөлөрүнүн мамлкет башчылары
Сүрөт: russia.ru. Уюмга мүчө өлкөлөрүнүн мамлкет башчылары

ШКУнун президенттердин деңгээлиндеги саммити ушул жылы 23-24-июнда Ташкент шаарында орун алмакчы.

8-апрелде ШКУнун Антитеррор кеңеши да Ташкентте жыйын өтөкрүп, анда 2013-2015-жылдардагы терроризм, экстремизм, сепаратизм менен күрөшүнүн жыйынтыгын талкуулашкан.  2016-жылга карата биргеликте эл аралык терроризм менен күрөшүү тууралуу чечим кабыл алышкан.

Уюмга Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан мүчө.