Башкы катчынын кызматтык мөөнөтү быйыл 31-декабрда аягына чыгат.

Ошондон улам Пан Ги Мун өзүнөн кийинки катчынын аялзаты болушун каалай турганын билдирген. 15 мүчөдөн турган БУУнун коопсуздук кеңеши башкы ассамблеяда талапкерди сунушташы керек. Азыркы учурда 11 талапкер бар болсо, анын 5и аялдар.

Талапкерлердин арасында Аргентинанын тышкы иштер министри Сусана Малькорра жана Болгария өлкөсүнөн ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова бар.

Быйылкы жылдын 21-июлунда жана 5-августунда жабык эшик артында шайлоолордун буга чейинки раунддары өткөн. 3-раунд 29-августта өткөрүлгөнү турат.