Новосибирск облусунун губернатору Владимир Городецкий токтомго кол койгон. Анда чет өлкөлүк жарандар эмгек патенти менен бир катар кесипчиликтер боюнча ишке орношо албайт деп жазылган.

Жайкы каникул учурундагы балдар лагерлерине, бала бакча, мектептерде, балдарга тамак-аш жасоо тармагында иштей албастыгы белгиленген. Анын арасында мигранттар жүргүнчү ташыган транспортторду айдап, автобус жана такси кызматында иштей албасы да бар.

Андан сырткары мигранттарга катчы, редактор, котормочу, эсепчи, финансист болуп иштегенге тыюу салынат. Ошондой эле алар мергенчи жана балыкчылар менен иштеше алышпайт. Кен казуу жана токой байлыктарын сатуу менен алектене алышпасын орус басымалары жазып чыкты.

Учурда КРдин тышкы иштер министрлиги мигранттарга байланышкан бул маалыматты тактап жатат.