Борбордук аянтта өлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата даярдыктар уланууда.

Мэриядан билдиришкендей, анын алкагында жакынкы имараттар сырдалып, суу оргумалар тазаланып, жаңыланууда.

Эс алуучулар үчүн отургучтар жана таштанды чакалары коюлуп жатат. Аянттын аймагында саат түрүндөгү гүлдөр отургузулууда.

Эске салсак, 31-августта Ала Тоо аянтында аскердик параддын коштоосу менен майрамдык иш-чаралар уюштурулат.