Борборлор мамлекеттик социалдык буйрутманын негизинде ачылууда.
Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлиги жашоонун кыйын кырдаалдарына кабылгандарга жардам көрсөтүүчү жайларды КРдин бир канча жерине ачууну пландоодо.
Анда кордук көргөн балдар жашай алышат. Жабыркагандарга психологиялык, юридикалык жардамдар көрсөтүлүп, үй бүлөлөргө кеңештер берилет.
Өткөн жылы министрлик жардам көрсөтүүчү 7 борбор ачкан. Анда 180 балага жардам берилген. Ал эми андан мурунку ачылган мекемелерди эске алганда 374 балага көмөк көрсөтүлгөнүн министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.