Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Бишкек шаарындагы айрым мал соючу жайларын текшерүүгө алган.

Анын натыйжасында эрежелерди туура сактабагандыгы үчүн “Баят” базарындагы касапчылар жайына 4 миң сомдук жана Фере көчөсүндө жайгашкан жайга 10 миң сомдук айып пул салынган.

Аталган айыптар КРдин “Ветеринария жөнүндөгү” мыйзамына ылайык тагылганын инспекциянын басма сөз кызматы Saat.kgге билдирди.