Комиссия башчысы Азимбек Бекназаров мындай бүтүм орус жана кытай бийликтери берген архивдик маалыматтарга негизделип чыгарылганын айтты.

Биринчи Дүйнөлүк согуш маалында жергиликтүү калк күч менен иштетилген. Колониялык бийлик суусу мол, дыйканчылыкка ынгайлуу жерлерди тартып алган. Көптөгөн этникалык кыргыз жана казактар аскерге чакырылган. Баш тарткандар жазага тартылып, 100дөн 270 миңге чейин кыргыз кырылганы айтылып келет. Миңдеген адамдар Шинжан-Уйгур автономдуу облусуна репрессиядан качып барышкан.

1916-жылдагы көтөрүлүш советтик окуу китептеринде чагылдырылган эмес. Казакстандагы толкундоолор болсо, 1917-жылдагы социалисттик революцияны курууга көмөк көрсөткөн Орусия падышачылыгына каршы тополоң катары баяндалган. Апрелде Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин геноцид жөнүндөгү айыптоолорду четке кагып, жүз жыл мурун бардык эл жабыркаганын билдирген.