Кыргызстан бул Көл, митинг, кымыз жана боз үй гана эмес. Териштире келсек, мекенибиз жөнүндө ооз ачырган окуялар толтура. Дал ошол фактылардын унутта калгандары же такыр эле жарыяланбагандарын кошуп туруп Saat.kg тизмесин түзүп көрдү.
Жерибизди илгери буддисттер мекендеген
Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Тамга айылынан алыс эмес жерде капчыгай жайгашкан. Бул жерди белгилүү кылып тааныткан Тамга таштар болуп саналат. Бул таштарда тибет жазуулары, буддисттердин дубалары чегилип түшүрүлгөн. Жазуулар 8-9 кылымда пайда болгон деп айтылат.
Тамга айылы буддисттердин зыярат кылчу жерине айланган деп айтылып келет. 2011-жылы археологиялык казып алуулар мезгилинде Будданын статуясы табылган. Ал 8-10 кылымдарга таандык. Ылдыйкы бөлүгү гана табылса деле, бул статуя курулуп жаткан храмдын бир бөлүгү болчу деп окумуштуулар так айта алышат.
Дунгандар да четте калган эмес. 1910-жылы Караколдо Дунган мечити салынган. Кызыгы, бул мечит бир да мык колдонулбай салынган курулуш, ал эми орнаменттери болсо кытай мифологиясынын сюжеттеринен алынып, Цинь мезгилиндеги архитектуралык стилди элестетет.
Таң калычтуу Кумтөр
Кумтөргө жакын мөңгүдө байыркы мергенчинин жааларын археологдор табышкан. Эң кызыгы, түбөлүк турган музда мергенчинин жаалары мындан бир нече кылым мурун калып калса да, кече эле түшүп калган сымал. Кумтөрдө казуулар жүрүп жаткан мезгилде мумиёлордун көмүлгөн скелеттери табылган.
Көзгө окшогон көл
Космонавттардын айтымында, ачык космоско чыкканда биринчи эле Хеопс пирамидасы же Улуу Кытай Дубалы эмес, бийик толуу аймакта жайгашкан Ысык-Көл көрүнөт экен. Биринчилерден болуп ачык космоско чыккан Алексей Леонов «Ал жактан Ысык-Көл адамдын көзү сымал көрүнөт экен» деп айтканы бар.
Жоголуп кайра пайда болуп турган Мерцбахер
Мерцбахер көлү — жоголуп бара жаткан эң эле белгилүү көлдөрдун катарына кирет. Дал ушундай жаратылыш кооздугу Исландияда, Швейцарияда жана Гренландия аралында гана бар.
Мерцбахер түндүк жана түштүк Эңилчек мөңгүлөрүнүн ортосунда жайгашкан. Таң калбагыла, бирок бул көл жайында пайда болуп, кайра августтарда Иңилчек суусуна агып кетет. Мерцбахер 1903-жылы Хан-Теңир экспедициясында ачылган.
Биздин сомдорду француздар чыгарат
Кыргыз сому бир гана атайы Улүу Британияда жана Францияда чыгарылган пахтадан жасалат. Францияда жана Мальтада басылып чыгылат.
Кыргызстандагы эң күчтүү жер титирөө
Өлкөбүздөгү эң күчтүу зилзала Кеминде катталган. Ал 1911-жылы 4-январда болуп, 9-10 баллга чейин болгондугу айтылат. Бул толкунуу бир катар кыйроолорго алып келип, бир нече адам өмүрүн алып кеткен.
Бизге келип кеткен белгилүүлөр
Бишкектин үйлөрүнүн биринде атактуу жазуучу Габриель Гарсиа Маркес конок болуп кеткен. Мындай укмуштуудай жаңылыкка бир да кагаз же сүрөт түрүндө далилдер жок болсо деле кыргыздар салтты сактап, жакшы коноктосо керек.
Ал эми Ысык-Көлдө Фидель Кастронун жашыруун вилласы бар.Бирок азыр ага тийиштүү эмес.
Табышмактуу кубулуштар
Кыргызстанда аномалдуу жерлер дагы көп. Мисалы, Боом капчыгайында ак кийим жамынган аялды көргөндөр бар. Ал негедир бир да соо да адамга көрүнбөйт экен.
Фрунзе музейинде бат-баттан ар кандай элестер чыгып турат.
Ал эми Жалал-Абаддын түштүк жагында тартылуу күчү иштебейт. Машиналар өздөрү эле тоо менен өйдөнү карай жыла берет берет. Жай, бирок, негизгиси жылат да.
Жети-Өгүз тоолорунда сүрөттөрү менен үңкүр табылган. Бул сүрөттөр 12 миң жыл мурун табылып, аскалар башкача катуу болгондуктан, сүрөттөр жөнөкөй темир же таш менен эмес, атайы бир өзгөчө ыкма менен тартылгандыгы айтылат. Балким лазер же алмаздуу бир курал колдонулгандыр.
Анан да
Кыргызстан унаалардын көптүгү боюнча дүйнөдө 70-орунду ээлейт. Бизде 1000 адамга 63 машине туура келет.
Кыргызстандагы эң кыска басылма «Арият» гезити. Редакция бир гана нускада чыгарганга үлгүргөн.
Кыргызстандын эң жаш окумуштуусу — Салмоорбек Табышалиев. Бостери айылынан. Ал 23 жашында кандидаттыгын жактап, 32синде университеттин ректору болгонго жетишкен.
Барпы Алыкуловду «жүрөкжегич» катары да таанысак болот экен. Ал кеми эле дегенде 20 жолу үйлөнгөн.