35 жаштан жогорку 60% кыргызстандытар ССРБда жакшы жашоо болгон деп ойлошот.

Бул сурамжылоону M-Vector изилдөө компаниясы мурунку ССРБнин 11 өлкөсүндө жүргүзгөн.

«Көпчүлүк мамлекеттерде 35 жаштан жогору жаштагы тургундар азыркы учурга караганда ССРБда жакшы жашоо болгонун айтышат. Бир гана Тажикистандын (39%) жана Өзбекстандын (4%)  35ке толгон жана андан улуу тургундары ССРБ тарагандан кийинки турмуш жакшыраак экенин билдиришкен. Ал эми 25 жашка чейинкилер союз тарагандан кийин төрөлгөн респонденттер азыркы жашоонун мыкты экенин айтышат. Арменияда 48% каршы чыккан  47% түзсө, Кыргызстанда 48% каршы 37%, ошондой эле Казакстанда 56% каршы 35%, Белоруста 57% каршы 34%, Грузияда 79% каршы 20%, Украинада 39% каршы 18%, Орусияда 63% каршы 25%, Азербажанда 68% каршы 14, Тажикистанда 84% каршы 13%, Өзбекстанда 89% каршы 5 %», — деп жазылган маалыматта.

Сурамжылоо 4-июлдан 15-августка чейин жүргүзүлгөн. Жалпысынан 12 миң 645 адам катышкан.

Автор: Нуркыз Маматова