Финалга Оштон «Алай» жана Бишкектен «Дордой» командалары чыккан.

«Оюн 17-сентябрда Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо (мурунку «Спартак») саат 19:00дө башталат»,- деп футболдук лигасы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-августта футболдук лиганын кеңсесинде жыйын өткөрүлгөн. Анда Кыргызстандын кубогу кайда жана качан өткөрүлөөрү такталды.

Ошондой эле жыйында чүчү кулак тартуу менен талаанын ээси Алай болуп аныкталды.