Жайкы Олимп оюндарынын 12-күнүндө Айсулуу Тыныбекова коло медалга жеткен жок.
Алгач 58 кг чейинки салмактагы беттеште эркин күрөш боюнча балбан Айсулуу Тыныбекова бразилиялык Жойс Силваны жана финляндиялык Петра Оллини жеңип жарым финалга өткөн.
1/2 финалда балбан кызга ийгилик жылмайбай Тыныбекова орусиялык атаандашы Валерия Кобловадан 4:1 эсебинде утулуп калган.
Коло медал үчүн болгон беттеште Тыныбекова индиялык Сакши Малик менен күч сынашып 8:5 менен жеңишти алдырды.
Алгач, үстөмдүк кылып бара жаткан кыргыз спортчусу, акыркы бир нече секундаларда жеңилип калды.