32 жаштагы Каори Ичо эркектер жана кыз-келиндер арасында 4 жолу катары менен олимпиада алтынын алган кыз болуп тарыхта калды.

Ал 2004 жылы Афинада, 2008-жылы Кытайда, 2012-жылы Лондондо жана 2016-жылы Бразилияда биринчиликти берген жок.

Финалдык беттеште Каори Ичо орусиялык Валерия Коблованы 3:2 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Жапониялык балбан кыз дүйнөнүн 10 жолку жана Азиянын 4 жолку чемпиону.

Каори Ичо