Ички иштер министрлиги тарабынан дагы бир сойкукана табылды.

Мамлекеттик ИИБге шаар тургунан кат келип түшкөн. Анда Кулиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жашаган аялдын сойкукана иштетип жатканы тууралуу жазылган.

Укук коргоо органдары текшере келгенде аталган үйдүн мейманкана болгону аныкталган. Ээси үйдү интимдик кызмат көрсөтүүчү жайга айлантып алган.

Сойкукана уюштурган аял милиция тарабынан кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.