ИИМ айдоочуларды алдын-ала маршрутту пландап алууну өтүнөт.

30-августта чектөө Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо футболдук матч болгондугуна байланыштуу коюлду.

-Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен баштап Фрунзе көчөсүнө чейин;

-Фрунзе көчөсү Исановдон Панфиловго чейин;

Чүй проспектисинде Логвиненкодон Исановго чейин токтотулган унаалар боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлөт.

Спорт сарайынын жанында унааларды токтотууга тыюу салынат.

31-августта болсо саат 6:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:

-Чүй проспекти Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молодого чейин;

-Абдымомунов көчөсү Панфиловдон Эркиндикке чейин;

-Киев көчөсү Тыныстановдон Тоголок Молдого чейин;

Аскерик техника өтүп жаткан убакта төмөнкү көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилет:

-Чүй проспекти Чолпон-Ата көчөсүнөн Тоголок Молдого чейин;

— Чүй проспекти Тоголок Молдодон Фучик көчөсүнө чейин;

-Ден-Сьяопин проспектиси Фучиктен Патриса-Лумумбага чейин,

Ошол эле күнү Аккула ат майданында спорттук иш-чаралар өткөндүгүнө байланыштуу төмөнкү көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилет:

-Термечиков көчөсү Гагаринден Л.Толстойго чейин;

-Ипподромдун жанында унаа токтотууга тыюу салынат.