Кадр маселеси орчундуу болууда.

Бул тууралуу билим берүү министри Эльвира Сариева өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, билим берүү меекемелеринде жалпы республика боюнча 75 миң 830 мугалим иштейт.

Мындан тышкары, ал окуу жайларды ремонттогонго 100 млн сомго жакын каражат кеткенине токтолду.

“1-сентябрга карата 98 мектеп капиталдык ремонт жасалды. Эки мектеп авариялык абалда турат”, — дейт министр.