Учак Манас аэропортуна 8:45те конот.

Бул маалыматты спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, спортчулардын үчүнчү тобуна грек рим күрөшү боюнча балбандар Арсен Эралиев, Руслан Царев, Мурат Рамонов, Жанарбек Кенжеев, эркин күрөш боюнча Магомед Мусаев, Айаал Лазарев, ал эми кыз-келиндер күрөшү Айсулуу Тыныбекова жана жөө күлүк Илья Тяпкин кирет.

Буга чейин спортчулардын эки тобу Бишкекке келген.

Рио-2016 Олимп оюндарында 19 спортчу күч сынашкан. Жалгыз коло медалды оор атлетчи Иззат Артыков жеңип алып бирок кызытма колдонду деген айып менен дисквалификацияланган.