22-августта чек ара кызматынын жетекчиси Абдикарим Алимбаев өзбек тарап менен Унгар-Тоо боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.

Кыргыз тарап эмнеге мындай кадамга баргандыгы тууралуу сураган. Ал эми Өзбекстан болсо буга чейин чек арадан мыйзамсыз өткөн өзбек милиция кызматкерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычындагы милиция постторду алып салуу талаптарын койгон.

Өзбекстандан жети милиция кызматкери Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка кирген.