2-сентябрда Г. Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде Үркүндүн 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү өтөт.
Иш-чаранын алкагында КРдин эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин «Бабалардан эстелик» аттуу жеке көргөзмөсү уюшутурулат.
Сүрөтчүнүн 5 жыл ичиндеги эмгектери, графика, боёк менен тартылган сүрөттөр (живопись), керамика, фото сүрөт, коллаж жана аралаш техника колдонулган чыгармалары тартууланат.
Шыгаевдин «Айша апа», «1916-жылы туулган кыз», «Ван аймагындагы картаң аял», «Жылкычынын үй бүлөсү», «Курбулар», «Зейнеп апа небереси менен», «Күтүү», «Жаргылчак» аттуу реалисттик портреттери жана башка чыгармалары элге көрсөтүлөт.