Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары патрулдук милиция кызматкери жана айдоочунун ортосунда болгон окуяны чагылдырган видео менен бөлүшүүдө.
Анда кызматкер айдоочуну «ылдамдыкты бузду» деген айып менен токтоткон жана документтерин сураган. Бирок айдоочу эмне үчүн токтотуу болгондугун түшүнбөй жаткандыгын айткан. Анткени радар эч кандай ылдамдыкты аныктаган эмес.
Инспектор радардын батарейкасы унаага келгиче отуруп калган деп жооп берген.
Айдоочу тартип бузду деген айып менен макул болгон эмес.
Аталган видео менен 100ге жакын киши бөлүшүүгө жетишкен.