Машыктыруучу Нурбек Изабеков кыргыз элинин үмүтүн актай албаганын айтты.

«Баарыңыздардан кечирим сурайбыз. Үмүтүңүздөрдү актай алган жокпуз. Буюрса 1 жумадай эс алып, кайра баарын анализдеп чыгабыз. Андан ары кийинки Олимпиада оюндарына даярданабыз», — дейт.

Мындан тышкары грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу Канат Бегалиев дагы кечирим сурады.

Бүгүн Олимп оюндарына катышкан балбандар жана жеңил атлеттер Кыргызстанга кайтып келишти.

Автор: Нуркыз Маматова