24-25-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облусттарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел  жүрүү коркунучу сакталат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 22-августта ӨКМдин телефонограммасы чыгып, тийиштүү жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүү жөнөтүлдү.