Дүйнө басылмалары Италиядагы жер титирөөнүн кесепетинен кем дегенде 6 жана кай бири 14 адамдын каза болгонун белгилешүүдө.
Ал эми өлкө бийлиги болсо зилзала имараттарды, жолдорду жана көпүрөлөрдү катуу кыйратканын билдирет.
Аккумоли шаарынын мэри Стефано Петруччи урандынын астынан ата-эне жана эки кичине баласы бар үй бүлөнүн табылганын айтат. Алар бул дүйнө менен кош айтышкан абалда болгон. Жана башка дагы көптөгөн адамдар урандынын астында калышкан.
Бүгүнкү таңда Италиянын борбордук бөлүгүндө 6,2 баллдык жер титирөө катталган.