Смартфондун сырткы көрүнүшү атайын II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата жасалууда.

Ага атайын алтын түстөгү көчмөндөр оюндарынын логотиби менен Кыргызстандын желегинин символу чөгөрүлдү.

Бул тууралуу ДКОнун уюштуруучулары билдирүү жасап, атайын жасалган телефондун көрүнүшү намыс, эркиндик жана көп доорлордун биригишинен кабар берет экенин белгилешет.