Чек ара кызматы алардын өздүгүн тактап, Өзбекстан тараптан жарандарды кайрып берүүсүн талап кылды.
Кармоодо турган радио релейдик станциянын кызматкерлери А. Урманов, У. Бердалиев, Ж. Ташматов жана Н. Усупбаевдер.
Алар өзбек чек арачыларынын атайын операциясы жүрүп жаткан убакта кармалышып, Янгикурганск районунун РИИБне жеткирилген.
Ага чейин 22-августта Өзбекстандан 7 милиция кызматкери Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка кирип, алар МИ-8 тик учагы менен түшүрүлгөн.
КРдин өкүлдөрү тез арада жарандарды кайтарып берүүсүн талап кылып жатканын чек ара кызматынын басма сөзү кабарлады.