Төңкөрүш аракетине чейин эле коомдук ишмер Фетхуллах Гүлендин күнөөлөрүн далилдеген документтер жөнөтүлгөнүн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган айтты.

«Учурда төңкөрүшкө байланышкан жаңы документтерди даярдап жатабыз. АКШ менен Түркиянын макулдашуусу Гүленди кармоого жана соттоого багытталганы менен ал дагы деле терррор уюмун башкарганын улантууда. Биздин талапты тоготпой койгон туура эмес», — деп Эрдоган кошмо штаттардын вице-президенти Жозеф Байден экөө катышкан маалымат жыйында айткан.