Британия парламенти Google, Facebook жана Twitter компаниялары терроризмди үгүттөгөн маалыматтар менен атайын эле күрөшпөй жатат деп күнөөлөдү.

«Google, Facebook жана Twitterдин канчалаган кирешеси бар чоң компаниялар. Улуттук статустун артында жашынып, алар атайын терроризм менен күрөшпөй жатат» — деп ички иштер боюнча парламенттик комитеттин төрагасы Кит Ваз билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчысы «үгүт машина» менен күрөшүүгө эффективдүү чара көрүшү керек.

Депутаттар компанияларды текшерип туруу үчүн көбүрөөк кызматкерлерди жалдоосун талап кылышууда.

2016-жылдын февраль айынан тарта Twitter экстремизм жана терроризмди үгүттөгөн 360 аккаунтту бөгөттөп салган.

Автор: Нуркыз Маматова